19-февраль күнү Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде «Туруктуу мектептерди глобалдык издөө» долбоорунун алкагында тренинг өтүлдү.
Тренингдин жүрүшүндө мектептин мугалимдери үчүн Туруктуу өнүгүү, анын максаттары жөнүндө маалымат берилип, анын адамзат жашоосу үчүн маанилүүлүгү талкууланды.
Мындан сырткары ТӨМдүн кеңири талкууланып, келечектеги мектептин бул багыттагы иш аракеттерине өзгөртүү жана толуктоолор сунушталды.