Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин сырткы жашылдандыруу иштери башталды
Туруктуу мектептерди глобалдык издөө долбоорунун алкагында Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин сырткы жашылдандыруу иштери башталды. Иш чаранын алкагында 200дөн ашык бак-дарактар тигилди. Мында мектептин пайдаланылбай жаткан бөлүгү толугу менен ишке киргизилди. Учурда дендропарктын, питомниктердин орду даярдалууда.