“Глобалдуу туруктуу мектептерди издөө” долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы торчо мектептер үчүн семинар

Т.Сатылганов атындагы №69 окуу- тарбия комплекс- гимназиясында 2020- жылдын 12- мартында “Глобалдуу туруктуу мектептерди издөө” долбоорунун алкагында комплекс- гимназиясы менен биргеликте иш алып баруучу торчо мектептер үчүн семинар болуп өттү. Семинарда гимназиянын экотоптун курамы маалымат беришти.

 Семинардын катышуучулары Бишкек шаарынын №21, №83,№85, №87, №96 жалпы билим берүүчү орто мектептеринин биология , химия, география ,физика мугалимдери катышышты. Семинар “Туруктуу өнүгүүнүн максаттары жана этаптары ” деген темада семинар болуп өттү .

Семинардын эң негизги максаты: Туруктуу өнүгүүнүн максаттары, этаптары, Кыргызстандагы Туруктуу өнүгүүнүн максаттары, “Кыргызстандагы Туруктуу өнүгүүнүн максаттары -менин мектебимде”, “Экосистеманы сактоо — Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн негизи”, “Жоопкерчиликтүү керектөө жана өндүрүш”- деген темалардын үстүндө иш алып барышты. Ар бир мектептин өкүлдөрү өздөрүнүн мектебинин экологиялык модулдарын иштеп чыгышып, долбоолорун талкуулашты. Торчо мектептер үчүн экологиялык топтор түзүлдү. Семинар программанын негизинде иш алып барды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You may use these HTML tags and attributes:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

en_USEnglish
ru_RURussian en_USEnglish
Share via
Copy link
Powered by Social Snap